15-сентябрь Билим күнү!
“15-сентябрь Билим күнү”
Адатта жыл сайын 1-сентябрь билим күнү болуп саналып келсе, быйылкы 2021-2022-окуу жылынан тарта 15-сентябрь “Билим күнү” болоору Билим берүү министрлигинен кабарланды.
Бүгүн Зуура Кадыркулова атындагы орто мектептин босогосу балдарга ачылып, салтанаттуу линейка өткөрүлдү. Салтанаттуу линейкага ардагер мугалимдер жана ата-энелер комитетинин мүчөлөрү келип педагогикалык жамаатын жана окуучуларды “Билим күнү ” менен куттукташты. Ошондой эле, жаңы окуу жылында жаңы ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалап кетишти. Линейка окуучулардын концерттик программасы менен коштолуп өттү.
Андан соң, “Мекенибиз Кыргызстан эгемендүүлүк жолунда”, “Ата журтум – Асыл мекеним”, “Түбөлүккө желбирей бер, эгемендин желеги”, аттуу темаларында эгемендүүлүккө татаал жолду басып өткөн мамлекетибизге болгон сүйүүсүн жана патриоттуулугун калыптандыруу максатында мектеп окуучуларына тарбиялык сабактар өтүлдү.
Комментарии