Биз жөнүндө

Зуура Кадыркулова атындагы орто мектеби  боюнча жалпы маалымат.

 З.Кадыркулова атындагы орто мектебинин коюлган проблемасы:

Окуу билиминин эффективдүүлүгүн жогорулатуу менен бирге азыркы учуруна талабына ылайык ар тараптан өнүккөн, өтүмдүү, патриот атуулдарды тарбиялоо менен бирге,мектептеги окуу жана тарбия процессинде окуучулардын аз сандыгына карата билим сапаттын бир канча деңгээлге жогорулатуу.

Жалпы окуу жылына мектептин негизги максаты жана милдеттери:

  • Жаңы окуу пландын негизинде куррикулум принциптеринде иш алып бару;
  • Окуучуларга патриоттук,маданияттуулук,ыймандуулук тарбия берүүнүн сапатуулугун көтөрүү;
  • Инновациялык ыкмаларды сабактарда кеңири колдонуу;
  • Жаңы басылып чыккан методикалык адабиятты окуу,талкуулоо,өздөштүрүү;
  • Мугалимдердин окуу процессинде иш кагаздарын туура жана так толтурулушу;
  • Устат мугалимдердин тажрыйбасын жайылтуу,өздөштүрүү,жаш мугалимдерге насаат берүү;
  • Жаштар уюмунун ишине багыт берүү.

2.Мектептин тиби:

Жалпы билим берүү орто мектеп

Устав (№104045-3308-М-е),2011 жылдын 14июньда Чүй областык юстиция Башкармалыгы тарабынан бекитилген.

3.Мектептин базасы:

Салынган жылы:1990 жыл. 2кабаттуу

От жагуу системасы-көмүр. 1жылда 67 тонна көмүр жагылат

Мектептин базасында  «Тюзь балакайы» бала бакчасы жайгашкан.2группа 64 бала бар.