Бүгүн Зуура Кадыркулова атындагы орто мектептин босогосу балдарга ачылып, салтанаттуу линейка өткөрүлдү.
Салтанаттуу линейкага ардагер мугалимдер жана ата-энелер комитетинин мүчөлөрү келип педагогикалык жамаатын жана окуучуларды “Билим күнү ” менен куттукташты. Ошондой эле, жаңы окуу жылында жаңы ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалап кетишти. Линейка окуучулардын концерттик программасы менен коштолуп өттү.
Комментарии